Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, 9-июлдан 13-июлга чейин өлкө аймагында абанын температурасынын жогорулашынан улам тоолордогу мөңгүлөрдүн эриши күтүлөт. Ошондой эле күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталат.

Буга байланыштуу жарандарга коопсуздук эрежелерин так сактоо, сел коркунучу жогору аймактарда өзгөчө этият болуу жана зарылчылык болбосо тоого чыкпоону сунуштайт.