Нарын облусунун Кочкор районунда селден кийин анын кесепеттерин жоюу жана калктын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Райондун селден жабыркаган аймактарында тиешелүү мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү атайын техникалардын жардамы менен жолдорду калыбына келтирүү, арык-каналдарды тазалоо жана жээктерди бекемдөө иштерин аткарып жатышат..


Селден жабыркаган Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн Түндүк жайлоосуна алып баруучу унаа жолу толугу менен калыбына келтирилип, транспорт каттамы кайрадан ачылды. Атайын техникалар тартылып, жол коопсуз жүрүүгө ылайыкташтырылды.

Кочкор райондук администрациясынын башчысы аким Баялы Досалиев иш учуру
Жүргүзүлүп жаткан иштер Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиевдин көзөмөлүндө болуп, калктын коопсуздугун камсыздоо жана селден келтирилген зыяндын кесепеттерин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жоюу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлүүдө.
Сүрөттөр Кочкор райондук администрациясынын архивинен алынды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева