Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган кесиптик окутуу ийгиликтүү жыйынтыкталып, 101 жаран сертификатка ээ болду.

Окутуу Түп районундагы «Билим» окуу борборунда өткөрүлүп, катышуучулар бир катар талап кылынган кесиптер боюнча билим алышты. Алардын ичинен 40 жаран ашпозчу-кондитер, 20 жаран ширетүүчү, 10 жаран тигүүчү, 13 жаран сүттү кайра иштетүүчү жана 20 жаран компьютердик оператор адистиктери боюнча окуудан өтүштү.
Сертификаттарды тапшыруу аземине Түп районунун акиминин орун басары Нуржан Алапаева, Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Расул Кувандыков жана «Билим» окуу борборунун өкүлдөрү катышты.
Башкармалыктын маалыматына ылайык, жыл башынан бери 483 жаран каттоого алынып, алардын 266сына жумуш издөөчү макамы берилген. Учурда 85 жаран туруктуу жумушка орноштурулган.
Кесиптик окутуу Кыргыз Республикасынын калкты иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамынын алкагында уюштурулуп, анын негизги максаты – жумушсуз жарандардын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу жана алардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу аркылуу ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров