Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы Муса Баетов атындагы бала бакча Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фонду аркылуу 600 миң сомдук жаңы эмеректер менен камсыздалды.

Долбоордун алкагында бала бакчага телевизор, муздаткыч, балдардын сабак окуусу үчүн столдор, отургучтар, килемдер жана башка зарыл болгон эмеректер сатылып алынып, пайдаланууга берилди.


Бул колдоо мектепке чейинки билим берүү мекемесинин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, тарбиялануучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Барчын Мамытбекова