Аптаптуу ысык — бул абанын температурасы адамдын организмине терс таасирин тийгизе турган деңгээлге чейин көтөрүлгөн табигый кубулуш. Соңку жылдары глобалдык жылуулануудан улам жай мезгилиндеги аномалдуу ысык күндөр узарып жана күчөп баратат. Ысыктын адамга болгон таасири бир гана градуска эмес, абанын нымдуулугуна да көз каранды.

Аба кургак болгондо адам тез тердеп, дене өзүн тезирээк салкындата алат. Абада нымдуулук жогору болсо, тер денеден бууланбай калат. Мунун айынан термометрде +30°C көрсөткөн аба ырайы адамга +38°C сыяктуу сезилиши мүмкүн. Ысыктын адамдын организмине тийгизген таасири. Адамдын денесинин кадимки температурасы +36.6°C тегерегинде болот. Аба ысыганда организм өзүн коргоо үчүн төмөнкүдөй реакцияларды жасайт. Тердөө: Денени салкындатуунун эң башкы жолу. Бирок тер менен кошо көп көлөмдөгү суу жана маанилүү туздар (калий, натрий) сыртка чыгат.
Жүрөк канды териге жакыныраак айдап, жылуулукту сыртка чыгарууга аракет кылат. Мындан улам кан басымы өзгөрүп, жүрөккө күч келет. Ашыкча ысыктан келип чыгуучу коркунучтар Дененин кургашы. Суу жетишсиз болгондо кан коюулашып, баш оору, алсыздык пайда болот. Күн өтүү Организм өзүн салкындата албай калганда дене табы +40°Cге чейин көтөрүлөт. Бул абдан кооптуу жана тез арада медициналык жардамды талап кылат. Өнөкөт оорулардын козушу: Өзгөчө жүрөк-кан тамыр, бөйрөк жана кант диабети менен ооруган адамдар ысыкты көтөрө албай кыйналышат.

Аптаптуу ысыкта суусундук ичүү тартиби; Кичине уурттамдар менен ар жарым саат сайын суу ичиңиз. Газсыз минералдык суу жана лимондуу көк чай ичиңиз. Муздак эмес, бөлмө температурасындагы суюктуктарды тандаңыз. Спирттүү ичимдиктерди жана кофени ичүүдөн таптакыр баш тартыңыз. Көчөгө чыккандагы эрежелер Саат 11:00дөн 17:00гө чейин көчөгө чыкпоого аракет кылыңыз. Башыңызга сөзсүз ачык түстөгү жеңил баш кийим кийиңиз.

Күндөн коргоочу көз айнек жана кол чатыр колдонуңуз. Дененин ачык жерлерин нымдуу салфетка менен сүртүп туруңуз. Пахта, зыгыр (лён) сыяктуу табигый кездемеден тигилген кең кийимдерди кийиңиз. Синтетикалык жана тар кийимдерди кийүүдөн алыс болуңуз. Майлуу, ачуу жана өтө оор эт тамактарды жебеңиз. Ширелүү мөмө-жемиштерди, банан, курма жана жашылчаларды көбүрөөк жеңиз. Тез бузулуучу сүт азыктарын жана каймактуу токочторду жеүүдө этият болуңуз. Терезелердин пардаларын жаап, күндүн нурун тосуңуз. Кондиционерди денеге түз үйлөтпөй, бөлмөнү орточо салкындыкта кармаш керек.
Даярдаган: Азема Сабырбекова