Ош шаарында 14–15-июль күндөрү журналисттер үчүн инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистикада санариптик инструменттерди жана жасалма интеллектти (ЖИ) колдонуу боюнча эки күндүк тренинг өттү.

Иш-чараны ЖККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык кеңсеси уюштурду. Окууга Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынан келген журналистер, блогерлер, редакторлор жана ЖМКлар Бирлигинин мучөлөрү, мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын өкулдөрү катышты. Гендердик эксперт Бактыгүл Исланбекова жана ЖИ боюнча тренер Каныбек Бейшенбеков эки күндүк тренинг өтүштү.

Ош шаарында өткөн эки күндүк тренингдин алкагында катышуучулар инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистика багытында жасалма интеллектти колдонууну үйрөнүштү. Иш-чаранын жыйынтыгы тууралуу «Тогуз-Торо ФМ» радиосунун координатору Анара Мааметова өз пикирин билдирди.

«Бул тренингде инклюзия, гендердик теңчилик жана ЖМКнын ишмердүүлүгүндөгү гендердик аспектилер боюнча билимибизди жана түшүнүгүбүздү жогорулаттык. Инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары менен жакындан тааныштык. Муну менен катар, инклюзивдүү жана гендердик сезимтал журналистика материалдарын даярдоодо жасалма интеллект (ЖИ) инструменттерин колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрдүк», — деп билдирди Анара Мааметова.

Учурда тренингдин катышуучулары алган билимдерин жана ЖИ куралдарын өз ишмердүүлүгүндө практикалык түрдө колдоно башташты.
«Ак-Бакай» жамааттык мультимедиа борборунун координатору Азема Сабырбекова алган билими тууралуу бөлүштү.

Азема Сабырбекованын айтымында, окуу курсу журналистикадагы эң актуалдуу багыттарды камтыды:
«Бул тренингде гендердик туура терминологияны колдонуу, зомбулук маселелерин чагылдыруунун этикасы жана медиа контентте сүрөттөрдү туура тандоо боюнча терең билим алдык. Эң негизгиси, контент түзүүдө жана материалдарды даярдоодо жасалма интеллектти натыйжалуу колдонууну үйрөндүк. Айрыкча, ЖИнин жардамы менен гендердик темадагы макалаларды жазуу, видео контенттерди монтаждоо жана жасалма интеллектке туура промптторду (буйруктарды) берүү боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрдүк», — деп белгиледи Азема Сабырбекова.

Эки күндүк окуунун жүрүшүндө катышуучулар санариптик куралдарды күнүмдүк ишинде кантип колдонуу боюнча тажрыйба топтошту. Алынган көндүмдөр журналисттерге социалдык маанидеги темаларды сапаттуу жана заманбап стандарттар менен чагылдырууга өбөлгө түзөт. Окуу курсу аяктап, катышуучуларга сертификаттар берилди.

Даярдаган: Аэлита Зарылбекова