Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Токтогул районунун өкүлдөрү активдүү катышып, улуттук каада-салтты жана өнөрдү жогорку деңгээлде даңазалап жатышат.

Бул тууралуу Токтогул райондук Аялдар кеңешинин төрайымы Сүракматова Чынар Сарыпбековна билдирди. Анын айтымында, масштабдуу иш-чарага Токтогул районунан 80ден ашуун активдүү аялзаты келип, ар тараптуу кызмат көрсөтүүдө.

Майрамдык маанай жана улуттук каада-салт
Токтогулдук апалар жана өнөрпоздор иш-чаранын көркүн ачып, түрдүү конкурстарга жигердүү катышууда. Алардын катарында төмөнкү фольклордук жана өнөр топтору бар:
«Энелер тилеги» тобу
«Нуска» тобу
«Ак бакай» тобу
«Умай эне» тобу
«Үч-Терек айымдары» тобу
Бул топтор өздөрүнүн ыр-бийи, улуттук нарк-насили жана шаан-шөкөттүү өнөрлөрү менен жыйналган элге майрамдык маанай тартуулоодо.

Иш-чаранын алкагында кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бөлүнүүдө. Токтогул райондук чебер айымдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлбайра Самарбекова баш болгон чебер апалар байыркыдан калган шырдакчылык, терме токуу өнөрлөрү боюнча мастер-класстарды өтүп, сынактарда өз чеберчиликтерин көрсөтүшүүдө.

Токтогул районунун аялдар кеңешинин төрайымы Чынар Сүракматова жалпы энелердин атынан Кыргызстанга тынчтык, өнүгүү жана ачык асман каалады:
»VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деңгээлде өтүп, Кыргызстан дүйнөгө туристтик өлкө катары дагы бир ирет таанылсын. Элибизде дайыма тынчтык, токчулук болуп, өлкөбүз өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктасын. Улуттук баалуулуктарыбызды кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү — берки милдетибиз. Бар болуңуздар, урматтуу кыргыз журтум!»

Даярдаган: Азема Сабырбекова