Кочкор районунун аймагында жайгашкан жалпы билим берүү мектеринин башталгыч класстар, математика жана табигый илим мугалимдерине 12 жылдык билим берүүнүн жаңыланган мазмунун жайылтуу боюнча окуу өттү.

12 жылдык билим берүүдөгү жаңылынган мазмунун жайылтуу, билим берүү системасындагы жаңы өзгөрүүлөрдү түшүндүрүү жана педагогдордун кесиптик компетентүүлүгүн жогорулатуу максатында окуу уюштурулду. Окууну Улуттук мастер-тренерлер А. Жумабаева, Р. Сооданбекова, Н. Омуралиева, Л. Жутабаева, А.Кармышова, А. Жамангулова өтүп беришти.

Табигый илимдеринин группасынын тренери Назгул Омуралиева
Окуунун жүрүшүндө мугалимдерге 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн негизги багыттары, жаңыланган билим берүү мазмуну, компетентүүлүккө негизделген окууту, предметтик стандартдагы өзгөрүүлөр, окуу программаларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жана заманбап окутуу усулдарын колдонуу маселелери боюнча кеңири маалымат берилди.

Катышуучулар жаңы билим берүү мазмунун өздөштүрүү, аны билим берүү уюмдарында натыйжалуу жайылтуу жана окуу-тарбия процессинде колдонуу боюнча пикир алмашып, өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.

Бул окуу педагогдордун жаңыланган билим берүү талаптарына ылайык иш алып баруусуна, 12 жылдык билим берүүнүн мазмунун сапаттуу ишке ашыруусуна жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Сүрөттөр Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн архивинен алынды.
Даярдаган: Мадина Тилекова