2-сентябрда Нарын шаарында «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы Улуттук педагогикалык форумдун регионалдык этабы өттү.
Нарын облусу форумдун регионалдык этабы өткөрүлгөн алгачкы аймак болуп, иш-чарага билим берүү тармагынын 545 өкүлү катышты.

Форумдун жүрүшүндө жаңы окуу жылында билим берүү тармагында күтүлүп жаткан негизги өзгөрүүлөр, 12 жылдык билим берүүгө өтүү, жаңыланган окуу программалары жана предметтик стандарттар, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, санариптик окуу китептерин колдонуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында секциялык жыйындар уюштурулуп, анда тиешелүү адистер билим берүү тармагындагы актуалдуу багыттар боюнча түшүндүрмө берип, катышуучулардын суроолоруна жооп беришти.
Белгилей кетсек, Улуттук педагогикалык форум 2–9-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймактарында өткөрүлүүдө.
IMG_8751 
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева