Кочкор районунун Кара-Суу айылында учурда дан эгиндерин жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан учур. Түшүм жыйноо негизинен август айында башталып, сентябрь айынын аягында толугу менен жыйналып бүтөт

Район боюнча жылына орточо 9000 гектардан ашык аянтка дан эгиндери себилет. Район тургундарынын дээрлик бардыгы мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен дыйкандар арпа айдоого басымдуулук кылат. Аймактык өзгөчөлүккө жараша район ичинен Кара-Суу айылында эгин салыштырмалуу эрте бышат.

Дыйкандардын айтымында быйылкы түшүм жылдагыдан мол болду. Анын себеби аба-ырайынын жаанчыл болушу, сугат иштеринин убагында аткарылышы. Эске сала кетсек өткөн жылы дан эгиндеринин түшүмү төмөн болгон

Кочкор районунда негизинен арпа жана буудай өстүрүлөт. Муну менен катар тоют даярдоо максатында көп жылдык чөптөр да кеңири жыйналат

Азыр райондун бардык айыл аймактарында оруп-жыюу иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Маалымат катары айта кетсек 1 гектар жерди чабуу үчүн комбайндын акысы 5500 сом, ал эми чабылган эгинди үйгө жеткирүү акысы 1500 сом
Даярдаган: Бакыт Кожокматов