Түп районунун Балбай айыл аймагына караштуу Кудургу айылында аялдар жана кыз-келиндер үчүн заманбап фитнес зал пайдаланууга берилди.
Машыгуу залы мурдагы айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги бөлмөлөрдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү аркылуу ачылып, райондогу талапка жооп берген алгачкы фитнес залдардын бири болду.
Жаңы ачылган залда аялдардын жана кыздардын сергек жашоо образын калыптандыруусу менен катар, кол күрөш боюнча машыгууга да бардык шарттар түзүлгөн. Залды кол күрөш боюнча дүйнө жана Азия чемпиондорунун машыктыруучусу Айнура Алымбаева жетектейт.

Ачылыш аземине Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Тимур Мадяров, анын орун басары Нуржан Алапаева, Балбай айылдык кеңешинин төрайымы, жергиликтүү тургундар жана айылдын айымдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө акимчилик тарабынан спорттук инвентарлар белекке тапшырылып, катышуучулар символикалык машыгууларды да жасап көрүштү.
Балбай айыл аймагынын башчысы Актилек Бөлөковдун айтымында, келечекте мындай фитнес залдарды райондун башка айылдарында да ачуу пландалууда.
Жергиликтүү бийлик бул демилге аялдардын ден соолугун чыңдоого, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаш спортчуларды колдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Даярдаган; Муратбек Жумакадыров