Быйылкы июнь айында жаан-чачындын көп болушу суу тартыштыгын унуттуруп, дыйкандардын мол түшүмгө болгон үмүтүн арттырды. Учурда биринчи чөп чабык жыйынтыкталып, эл кыш камын көрүүдө. Бирок, дал ушул чөп жыйноо маалындагы тынымсыз жаан айрым тоюттун сапатын төмөндөтүп, чиритип, дыйкандарды кошумча түйшүккө салды. Мындай шартта чыгымды кантип азайтуу керек? Дыйкандар арасында өзүн актап келе жаткан түрдүү ыкмалар быйыл өзгөчө актуалдуу болууда.
Акыркы жылдары кыйнаган кургакчылыктан кийин, быйылкы жылы дыйкандар үчүн берекелүү болду. Сайларга суу келип, талаа жашылданды. Дыйкандар, суунун жетиштүү болушу быйылкы түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзөт деген чоң ишенимде турушат.
Бирок, эл чөптү жыйнап жаткан учурда жаандын тынбай жаашы терс таасирин да тийгизбей койгон жок. Чөптөр талаада суу болуп, көпкө кургабай калгандыктан, кээ бир чабылган чөптөр чирип, сапаты төмөндөп кетти. Бул жагдай дыйкандардын эмгегин текке кетирип, бир топ убаракерчиликти жаратты.

Тоютту жоготуусуз сактап калуу үчүн дыйкандар мурундан бери эле колдонуп келе жаткан эки негизги ыкмага таянышат:
Пресстеп тартуу: Бул ыкма чөптү жыйноодо жана ташууда абдан ыңгайлуу. Пресстелген чөптү сактоо жеңил жана ал аз орунду ээлейт. Кургаган чөптү пресстеп, жыйнап, үстүн жаап коюу — анын андан ары бузулуп кетүүсүнөн сактайт.

Тууратып тартуу: Бул — өзүн актаган, үнөмдүү ыкма. Талаадагы чөптү атайын техника менен дароо туурап, майдалап жыйнап алышат. Чолпон айылынын тургуну Канат Мамбетакуновдун айтымында, бул ыкма убакытты гана эмес, капчыкты да сактаган эң натыйжалуу чечим.
«Чөптү пресс кылып тартканда техникага өзүнчө акча кетет. Андан сырткары, кышында малга берерде баары бир кайра убара болуп, туурап берүүгө туура келет. Ал эми талаадан дароо атайын техника менен тууратып тартып алсак, чөп коромжу болбойт, мал калтырбай жейт. Эң башкысы — чыгым аз кетет, жумуш жеңилдейт жана кышында ашыкча убара тартпайсың», — деп түшүндүрдү Канат.

Быйылкы биринчи чөп чабык дыйкандарга суунун берекесин да, жаандын түйшүгүн да бирдей көрсөттү. Чөптү пресстеп же тууратып тартуу сыяктуу ыкмалар чарбаны чыгымга учуратпай, кышка сапаттуу тоют камдап алуунун эң башкы куралы экенин дагы бир ирет далилдеди.
Даярдаган: Гүлира Сатарова.