Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда калктын социалдык жактан аяр катмарына ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган реабилитациялык кризистик борбор ачылып, турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарга психологиялык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү менен алардын коомго кайрадан ийгиликтүү аралашуусуна көмөк көрсөтөт.

2025-жылы мамлекеттик социалдык заказдын алкагында «Кочкор райондук аялдар комитети» коомдук бирикмеси аялдар үчүн кризистик борбор ачуу боюнча гранттык сынактын жеңүүчүсү болуп, 742200 сом өлчөмүндө каржылоо алып жана кандай кыйынчылыктарды женгендери жөнүндө долбоордун координатору Салтанат Бараканова айтып берди:

Долбоордун координатору Салтанат Бараканова
«Долбоорду ишке ашыруу оңойго турган жок. Эң негизги кыйынчылык-Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин талаптарына толук жооп берген имаратты табуу болду. Биз тараптан тандалып алынган имараттар ӨКМ жана сейсмокоопсуздук боюнча адистердин оң корутундусун үч жолу ала албай. Төртүнчү аракетте гана мурдагы бала бакчанын ылайыктуу имаратты бөлүнүп берилди. Бул иште Кум-Дөбө айыл өкмөтү чоң колдоо көрсөтүп, имарат бөлүп берди жана долбоорду кошо каржылоону камсыздады. Бул маанилүү демилгени ишке ашыруу колдоого алган жергиликтүү кеңештин жана айыл өкмөтүнүн депутаттарына да терең ыраазычылык билдиребиз».

«Кыял» кризистик борбордогу тигүү бөлмөсү
Долбоордун демилгечилери — бирикменин төрайымы Жумакүль Курманбаева борбор жөнүндө кеңири маалымат берип кетти:
«Кыял» кризистик борборду ачуу биз үчүн чоң жеңиш болду десем жаңылышпайм, анткени бул долбоор Кочкор районуна абдан керектүү жана маанилүү болчу. Команданын күчү менен имаратка косметикалык оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлдү: борбордун иштеши үчүн имараттын ичин актоо, сырдоо жана бөлмөлөрдү даярдоо жумуштары аткарылды. Ошондой эле долбоор Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан колдоого алынып, Кочкор районунун өнүктүрүү фондунан тигүү, фитнес жана башка керектүү жабдууларды сатып алууга 1 миллион сом бөлүнүп, чоң салымын кошушту.

Фитнес зал
Долбоордун алкагында 15 тен ашык иш-чара өткөрүлүп, 500дөн ашык аял камтылды, 200дөн ашык адам үй-бүлөлүк зомбулук учурларына өз убагында жана туура чара көрүү маселелери боюнча окуудан өтүштү. Аялдар үчүн физикалык, психологиялык жана эмоционалдык ден соолугун калыбына келтирүү, ошондой эле тигүүчүлүккө, кол өнөрчүлүккө жана башка практикалык көндүмдөргө үйрөтүү үчүн «Кыял» реабилитациялык кризистик борборунда жакшы шарттар түзүлдү».

Реабилитация бөлмөсү

Ортодо бирикменин төрайымы Жумакүль Курманбаева
Реабилитациялык борбордун ачылышы бул Жумакүль Курманбаеванын, Салтанат Бараканованын жана Махабат Ыбышованын талыкпас эмгегинин жана өжөрлүгүнүн натыйжасы болду. Алар көптөгөн кыйынчылыктарга карабай, бул маанилүү демилгени жашоодо ишке ашыра алышты. Бүгүнкү күндө борбор Кочкор району үчүн чоң социалдык мааниге ээ болуп, аялдарга коопсуз мейкиндик, колдоо жана жаңы жашоо баштоо мүмкүнчүлүгүн тартылоодо. Бул маанилүү долбоордун ишке ашуусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосуз мүмкүн эмес болгон. «Кыял» реабилитациялык борбордун жалпы жамааты өзгөчө ыраазычылык билдирип кетишти.
Даярдаган: Нурия Карымбаева