Акыркы жылдары чет мамлекетте иштеген жаштардын саны өсүп келүүдө. Алардын бири Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылынын тургуну Гулнур Жумабекова. Ал кичине кезинен эле, саякаттап чет өлкөдө иштегенди кыялданчу. Учурда Кувейт авиа компаниясында борт коштоочу болуп иштейт. Бүгүнкү маегибизде өзүнүн иши тууралуу кенен маалымат берди:
Кантип борт коштоочу болуп иштеп калдыңыз?
Мен окуумду аяктагандан кийин Дубайда 2жылдай иштеп, жашадым. Андан кийин Кыргызстанга келип ошол жөнүндө интернеттен көрүп анан катышкам. Мен кичине кезимден эле башка жерлерди көрүп саякаттаганды абдан жактырчумун. Кастинг болду ал жактан английскийди сүйлөгөндү билиш керек экен. Ошентип өтүп кеттим. Андан кийин окуусу 1ай болду, ал жактан биз биринчи медициналык жардам берүүнү, эвакуация да эмне кылуу керек жана башкаларды үйрөтөт 1ай ичинде. Азыркы убакта бортпроводник жумушу абдан жакшы. Албетте оор бирок жакшы жактары да абдан көп.
Ошол жакшы жактары көп деп калбадыңызбы ошолор жөнүндө айтып бере аласызбы?
Албетте мисалы, көп жерлерди көрөсүң, отпуска 70күндөн ашык берилет. Кээде бир жакка учуп барсаң ошол өлкө 3күн болобуз. Анын ичинде тамагы, отель жана ошол өлкөгө саякаттап, көргөзүүнү өздөрү көргөзүп камсыздап беришет. Андан башка өзүңө, үй-бүлөңө башка өлкөгө чыгарда 90% арзандатуу болот. Башка көптөгөн жакшы жактары бар.
Борт коштоочу болуп иштегеңизге канча жыл болду?
Борт коштоочу болуп иштегениме 2жылдай болуп калды. Негизинен Кувейтте жашайбыз. Рейскке чыкканда башка өлкөгө да калып калабыз. Эгерде кайра рейс бар болсо анда кете беребиз.
-Маегиңизге чон рахмат!
Эвелина Жумабекова