Ч.Айтматов атындагы райондук борбордук китепкананын базасында ачылган 3жаштан 5жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүү борборунда кичинекей бөбөктөр жана апалары бирдикте майрамдык иш- чара өткөрүлдү. Демөөрчүлөр тарабынан ар бир балага таттуу белектер тапшырылды.
Бул туурасында аталган райондук китепкананын китепканачысы Гүлсайра Токтосунова билдирди:
Райондук борбордук китепкананын базасында ачылган 3 жаштан 5 жашка чейин балдарды эрте өнүктүрүү борбору ачылган. Бул борбордо 20га жакын балдар келет.
Ар бир баланын жаш өзгөчөлүгүнө жараша, үйдө отурган садикке барбаган балдар келет. Жумасына эки жолудан, эки сааттан ата-энелер менен биргеликте иш алып барылат.
Борбордон аң сезимин өстүрүү үчүн сүйлөө речин өстүрөбүз. Бир нерсеге кызыктырып, жомок окуп куурчак театры уюштурулуп ырларды үйрөтүп, ата-энелер менен биргеликте кооз барактан гүл жасайбыз.
Айрым ата-энелерден борбор тууралуу сурап көрдүк:
“Мен Эстегүл Алмамбетова кичүү кызым 46 жашымда төрөгөм 5ке чыгат. 3 жаштан 5 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү кийин эле угуп калдым. Кошунамдан уктум. Садикте кезек калбай, анан кеч болуп калат экен. Анан ушул жакка алып келдим. Азыр көпчүлүк менен аралашып, ойноп ырдап калды. Бир жумада 2 жолу бардык.”
Албина Бейшеналиева