Гапыр Мадаминовдун “Ата-Энелер сиздер үчүн” китебинин 9-басылышы. Гапыр агай бул китебин ата- энелерге ылайыктап абдан жакшы жазып чыгарган. Бул китептин башында эле Жусуп Баласагындын ыр саптары жазылган.
Тарбиячы адам тап, пейли кенен,
Уул-кызын дени сак өсөт экен,
Билим берип адилет тарбияла,
Эки дүйнө бактылуу болот анда.
Уулдарга үйрөткүн жакшы сапат,
Жакшы иштеп бакыт да, байлык табат.
Андан сырткары, бул китепте жаңы төрөлгөн баладан анын 18 жашка чыкканга чейинки тарбиялоосун жана балага кантип чет тилин үйрөтүү керектигин жазылган.
Бул китепте балдардын окууга кызыгуусу боюнча дене тарбиясы акыл-эс тарбиясы жана адептик тарбия эмгек тарбия эстетикалык тарбиялар боюнча жазылып чыккан. Балдарга окуусуна шарт түзүп берүү энелер мектебинин түзүлүшү энелер мектебинин программасы дагы бул китепте камтылган.
Балдарды окууга кызыктыруу боюнча дагы жеке үй- бүлөлүк конкурстар жана алдарды даярдап берүүдөгү варианттар бар. Бул китепте окуучулар дистанциондук окуп жатканда аларга жагымдуу чөйрө жаратуу, шарт түзүү, керектүү каражаттар менен камсыздоо, күн тартибин туура пландаштыруу, сабактардын жадыбалын, балдар үчүн тыныгуу берүү балдарды шыктандыруу жана башка жардам көрсөтүү боюнча сунуштар берилген.
Үй -бүлөдөгү ага-ининин, эже-синдинин орду боюнча дагы кененирээк Гапыр агай жазып чыккан.
Мындан сырткары, балдардын жаш курагын эске алып сунуш кылуучу айрым көркөм адабий китептердин тизмесин да жазып чыккан. Ата-энелер үчүн бул китеп абдан чоң ролду ойнойт. Анткени бул китептин балдардын окууга кызыгуусу журуш- турушу аларга кантип туура тарбия берүү керектиги баары камтылган.
“Элди маданиятташтыралы, адабиятташтыралы” (Г.Мадаминов)
Аэлита Илиязова