Учурда чет тилдерин үйрөнүп, ар түрдүү программалар боюнча чет өлкөгө тажрыйба алмашууга же билим алууга мүмкүнчүлүктөр көп. Айбек Муратбеков Тогуз-Торо районуна караштуу Кара-Суу айылында туулуп өскөн. Өз кесиби боюнча профессионалдык практика өтүп, иштеп келген.
Швецияга барууңузга эмне себеп болду?
Өзүмдүн кесибим агрономия болчу. Ошол аркылуу окууну бүткөндөн кийин 1-2жыл катыша алат болчумун, ал жакка аракет кылып көрдүк. 4- 5 жолу аракет менен өтүп кетип барып, 1жарым жыл стажировкадан өтүп келдик.
Дагы башка өлкөгө барайын деген ойлоруңуз бар беле?
Германияга деген ойлор бар болчу. 1жылдай курс окуп, 2-3жолу аракет кылдым кеткенге 3жолу тең өтпөй калдым. Андан кийин 1жыл окуудан кийин курска барып аябай даярдангам. Анан карантин болуп калып, Швецияга барганга мүмкүнчүлүк болуп калды. Анан кайра ал үчүн немец тилин таштап, 3 ай английский окудум. Ошо менен Швецияга бардым. Швецияга да негизи швец тилин сүйлөшөт, бирок англис тили абдан жардам берди. Швецияда бардыгы эле англисче билишет.
Швеция жөнүндө айтып берсеңиз?
Швеция абдан жакшы өлкө элдери дагы, абасы, жери дагы жакшы аябай. Ал жактан көп нерсени билесиң. Бүт жаңы технология. Бизде жок нерселер бар. Мисалы, алар көбүнчө роботтор менен иштешет.
Өспүрүмдөргө кандай кеңеш берет элеңиз?
Айылда жашап жүргөндө эле аракет кылгыла, курстарга баргыла. Болбосо өзүңөр аракет кылгыла. Жок дегенде орус тилин жакшы үйрөнүп алгыла. Биз шаарга келгенде биз орусчаны үйрөнө албай жүрсөк, алар англис тилин үйрөнүп, алардын чет өлкөгө кеткенге мүмкүнчүлүгү көп болгон. Менин айтарым тилди жакшы өздөштүрсөнөр англис тилин эң башкысы. Англис тили менен Америкада, Германияда жүрө аласыңар бардык жерде жүрө аласыңар.
Эвелина Жумабекова