Кочкор районунун Чолпон айылынын айылдык китепканасында «Бир адамдан бир китеп» акциясы уланып жатат. Бул акция айылдык китепкана тарабынан 2019-жылы уюшулган.
Айылдык китепкана башчысы Динара Кадырбекова:
«Менин бул кызматка иштегениме 5 жылдай болуп калды. Бизде «Бир адамдан бир китеп» акциясы уюшулган. Ар бир адам китепканага белек катары адабий жана башка китептерди алып келишет.
«Бир адамдан бир китеп» акциясы ай сайын уюштурулуп турушу шарт. Азыркы учурда мага 30 окуучу келсе, анын ичинен 15 бала китеп өткөрүшөт. Ал эми күнүнө 10 бала келсе, анын беши алып келүүдө. Бул акция өзүбүздүн китепкана тарабынан түзүлгөн. Аталган акция 2019-жылдан бери уюшулуп келүүдө. Ал китептер айылыбыздын эле керегине жумшалат. Биз мектеп менен тыгыз байланышта болушубуз керек болгондуктан, окурмандардын көпчүлүк бөлүгү мектеп окуучулары түзөт. Ал эми чоңдор көп деле келишпейт десек жаңылышпайм. Мына биз ошолорго таратып, өзүбүзгө тартышыбыз керек.
Көпчүлүк учурда үй жумуштарын жасап, же болбосо уюлдук телефонго алаксып бошобой калышат. Ошол телефондун кесепетинен үйдөн өз алдынча окууга да мүмкүндүк болбой калууда. Ага алаксып, окуп жаткан китепти аягына чейин окуп бүтүрбөй калышат. Ошондуктан китепканага келип окуу туура жана пайдалуу. Кандай гана чыгарма болбосун анын маани-маңызын түшүнүп, жүрөгү менен сиңирип алат».
Акылай Болотбекова