Дөбөлү айыл өкмөтүндө 2- апрель — Эл аралык балдар китептеринин күнүнө карата театралдаштырылган иш чара өткөрүлдү.
Нарын облусуна караштуу Чолпон айылынын №3 айылдык китепканасында 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата чакан иш чара болуп өттү. Окуучуларга тил күнү боюнча маалымат берилди.
Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылындагы №11 айылдык китепкана башчысы Өзубекова Акылай 1985-жылы Токмок шаарындагы маданият техникумунун ”Китепканачы” бөлүмүн бүтүрүп келип, ушул китепканада 38 жылдан бери эмгектенип келет. Ал өзүнүн чакан китепканасы …
Кочкор районунун Чолпон айылынын айылдык китепканасында «Бир адамдан бир китеп» акциясы уланып жатат. Бул акция айылдык китепкана тарабынан 2019-жылы уюшулган.
Корчубек Аканазаров атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин китепканасы мектеп окуучулар менен мугалимдери үчүн кандай кызсат кылат. Бул тууралуу китепканачы Гүлжан Шаршеева менен окуучулардын оюн угуп көрдүк.
Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин китепканачысы Гүлжан Шаршееванын иши тууралуу төмөндөгүлөрдү маалымдады. Китепканачы жыл башында китеп таратып, жыл аягында чогултуудан башка кызматы кандай?
Райондук деңгээлдеги семинарды «Соң-Көл» орто мектебиин китепкана башчысы Айпери Жакшылык кызы уюштуруп, алып барды. Семинарга райондогу 17 мектептин китепкана жетекчилери келип катышты. Аларды жетектеп райондук билим берүү бөлүмүнүн методисти Жумакүл …
Каракол шаарындагы «Дем» китепканасын ашар жолу менен салган ишкерлер социалдык долбоор менен эл агартууга өз салымдарын кошуп келишет. Бир гана Каракол шаарында эле бул долбоор ишке ашпастан, Кызыл -Суу айылында …
Айылдык китепкананын имараты Кыргызпочтага карагандыктан Корчубек Акназаров атындагы орто мектептин эски имаратына көчүп келүүгө мажбур болушту. Китепкананын жетекчиси кандай пайда тапты жана эмне көйгөйлөр жаралгандыгын айтып берди.
Кулатов айыл аймагындагы Т.Айбашев мектебинде китепкана бир класста орун алган. Анын ичине китептер батпай, окуу залы дагы жок болчу. Айыл өкмөтүнүн жардамы менен китепкананын жаңы корпусу курула баштады.
Жергиликтүү бийликтин депутаты Мыскал Байгазиева Оттук айылына заманбап китепкана салдырды. Бул убакытка чейин айылда китепкананын жоктугу көйгөйлөрдүн бири болуп келген. Учурда китепканага Оттук жана Казан-Куйган айылынын тургундары келип, китеп окуй …
Ак-Талаа райондук Нуркул Кулназаров атындагы китепканага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен 10 даана ноутбук берилди.
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Нарбото жаңы конушунда социалдык объектилердин (ФАП, окуу борбору, намазкана) курулушу аяктап, ишке берилди. Курулуш “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен каржыланды. Жалпы сметалык наркы 4 900 …
Нарын районуна караштуу Оттук айылындагы Мыскал Байгазиева атындагы китепканада «Бирге окуйбуз!» сынагы уюштурулду. Сынакка 3,4-класстардын окуучулары апалары менен бирге катышышып активдүүлүгүн көрсөтө алышты.
Кочкор районунун Төлөк айылына караштуу айылдык 1 китепкана бар. Пандемия учурунда окурмандар азая түшкөнү менен, китептер айыл өкмөтү тарабынан үзбөй толукталып келе жатат.
16-декабрда Нарын районуна караштуу Оттук айылында Мыскал Байгазиеванын наамында заманбап китепкананын ачылышы болду.
Нарын районуна караштуу Оттук айылынын тургуну, депутат Мыскал Байгазиева көптөгөн долбоорлор менен иштешип келет. 2002-2003-жылдары жаштарга колдоо көрсөтүү максатында долбоор жазып, Оттук айылында алгач “Маалымат борбору” ачылган. Борборго долбоордун алкагында …
Нарын районуна караштуу Учкун айыл өкмөтүнүн 2 китепкана бар. Бири Учкун айылында жайгашса, бири Куланак айылындагы Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинде жайгашкан. Быйыл китепкана фондун жаңылоого жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом …
Нарын областынын Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы китепкананага Келдибек Эсенбаевдин ысымы ыйгарылды. Китепкана жаңы китептер менен толукталып, китеп сүйүүчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүк ачылды.
Суусамыр айылдык китепкана жетекчиси Салкын Алишерова китепканага окурмандарды тартуу үчүн ар кандай иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин айтат. Андан тышкары, окурмандар үчүн китепканада жетишердик китеп бар экенин билдирди.