16-декабрда Нарын районуна караштуу Оттук айылында Мыскал Байгазиеванын наамында заманбап китепкананын ачылышы болду.
Бул иш- чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Нуридин Мадимаров, акимдин орун басары Анара Орозказиева, Нарын облусунун экс губернатору Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарындагы С. Орозбаков атындагы китепкананын жетекчиси Анара Байгабатова, коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги АРИСтин аймактык өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Китепкананын курулушу аяктап, колдонууга берилди
Китепкананын курулушуна Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттиги АРИС долбоору аркылуу 5 млн 500 миң сом, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 360 миң сом өздүк салым бөлүнгөн.
Китепканын ичинде замандын талабына ылайык окуу залы, электрондук зал жана китеп сактоочу бөлмө уюшулган.

Меймандарды тосуу аземи

Келген меймандарга улуттук оюндар, көркөм окуу, китеп окуу боюнча окуучулардын эмгектери тартууланды

Китепкананын курулушуна зор салымын кошкон айылдын ардактуу атуулдарына ыраазычылык каттар жана Б.Абдрахмановдун «Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары» аттуу тарыхый китептин 10 томдугу белекке тартууланды.

Сыйлоо аземи

Сыйлоо аземи

Китепканага алынып келген жаңы китептер

Китептерди сактоочу жай

Китепкананын курулушуна демилге көтөрүп, долбоор жазуу менен ийгиликтерге жеткен Мыскал Байгазиеванын наамы китепканага ыйгарылды.
Акбермет Руслан кызы, Жанарбек кызы Наиля