Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылында АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору» аркылуу 50 орундуу типтүү бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди.

Бала бакчанын ички көрүнүшү

Балдардын кийими коюлчу эмеректер

Тарбиячылар бөлмөсү

Бала бакчанын ашканасы
Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу кичи Жерге-Тал айылы түптөлгөндөн бери бала бакчанын атайын имараты болбогондуктан жеке менчик турак-жайларды бала бакча катары пайдаланып келишкен. Айылда бала бакчанын жоктугу Жерге-Тал айылынын жергиликтүү тургундарынын көйгөйлөрүнүн бири болчу. Бул айылда биринчи жолу бала бакча курулду.

Бала бакчанын ачылыш аземи

АРИСтин Ак-Талаа району боюнча эксперти Жаныбек Асылбековдун айтмында бала бакча 50 орунга ылайыкталып, анын курулушуна 17 млн 399 миң 330 сом сарпталды.
«Бул каражаттын ичинен 16 млн 703 миң сому долбоор тарабынан каржыланса, 696 миң сомун өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен жана айылдын жашоочулары тарабынан берилди. Бала бакчада оюн аянтчалары да курулду»,- дейт.
Жаңы бала бакчанын ачылыш аземине райондук, облустук бийликтин өкүлдөрү, долбоордун өкүлдөрү, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылар, мектеп директорлору, бала бакча башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Ачылыш салтанатында бала бакчанын курулушуна салым кошкондорго жергиликтүү бийликтин сыйлыктары тапшырылды.
Мындан тышкары, Жерге-Тал айылынан чыккан биринчи мугалим Жаркынбүбү Бусурманкулованын үй-бүлөсү, уул-кыздары демөөрчүлүк кылып, музыкалык аппаратура беришти.
Барчын Мамытбекова