17-декабрда Суусамыр айылынын маданият үйүндө элдик жыйын болуп өттү. Жыйынга Жайыл райондук администрация башчысы жана жаңы дайындалган мекеме жетекчилери катышышты.
Жыйынды Суусамыр айыл аймагынын башчысы Максат Сейткулов ачып, Жайыл райондук администрация жетекчиси Төрөгелди Туркбаев сөз сүйлөдү. Ал өлкөдө болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөргө токтолду. Айрыкча элди вакцина алууга чакырды. Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Керимкулов айыл элине мыйзамсыз курал колдонгондорго тыйуу салуу жана куралдарга документ алуу тууралуу эскертүү берди. Жайыт, үрөн боюнча суроолор айыл тургундары тарабынан берилип жооптор алынды.
Андан тышкары телекомдун жетекчиси Нурсейит Бекбердиев айылдардагы интернет маселеси боюнча айтып өттү. Кызыл-Ой айылына интернет коюу тууралуу маселе көтөрүлүп, каражат маселеси чечилсе эле интернет коюла тургандыгын белгиледи. Жайыл райондук ветеринария башкармалыгынын жетекчиси айыл элин малдарды идентификациядан өткөрүүгө чакырды.
Азыркы учурдагы жылкыларга чип басуу боюнча маселе көтөрүлүп, айыл өкмөтүнүн көмөктөшүүсүн суранды. Жайыл райондук санитардык эпидемиология башкармалыгынын жетекчиси айыл элин эмдөөдөн өтүүлөрүн талап кылды. Суусамыр айылдык ооруканасына жаш кадрларды алып келүү боюнча дагы маселе айыл тургундары тарабынан айтылды. Бул маселени аким өзү колго алып көзөмөл кыларын жана шарт түзүп берүүсүн айыл өкмөтүнө тапшырды.
Жол маселеси жана тургундар тарабынан айтылган маселелер боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Жыйындын катышуучулары район жетекчилеринин айылдардан кабар алып туруусун суранышты. Эми жетекчилер башка дагы айылдарга барып эл менен жолугуша тургандыгын билдиришти.
Суусамыр айылдык ооруканада эпидемиологиялык абал туруктуу
Азиза Тамчиева