Кочкор районундагы Ормон Хан айыл аймагынан Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Жыйын Кочкор айылындагы «Чолпон» кинотеатрында уюштурулуп, ага 82 өкүл катышты. Жыйынды Ормон Хан айылдык Кеңешинин төрагасы Рыскелди Жолдошбеков алып барды.

V Элдик курултайга делегаттыкка сегиз талапкер көрсөтүлдү. Алар өздөрүн тааныштырып, курултайда көтөрүүнү пландаган маселелер тууралуу кыскача маалымат беришти.
Добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерлер төмөнкүдөй добуш алышты:
Мирлан Кыдырбаев — 33 добуш;
Амантай Тургунбек уулу — 32 добуш;
Анаркүл Исраилова — 31 добуш;
Алымбек Самаков — 22 добуш;
Зинаида Эсенбекова — 21 добуш;
Бакыт Сламов — 20 добуш;
Талантбек Сөңколов — 19 добуш;
Нурипа Исакова — 16 добуш.



Жыйынтыгында Мирлан Кыдырбаев, Амантай Тургунбек уулу жана Анаркүл Исраилова V Элдик курултайга делегат болуп шайланды. Калган беш талапкер резервдик өкүлдөр катары катталды.
Кыргыз Республикасынын V Элдик курултайы 2026-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарында өтөт. Ага өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдө жашаган мигранттардын арасынан жалпы 700 делегаттын катышуусу күтүлүүдө.
Даярдаган:Бакыт Кожокматов