Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы 45 гектар жемиш багын сактап калуу үчүн багбан Нургүл Султаналиева президент Садыр Жапаровго кайрылды. Багбан бакты калыбына келтирүүгө 30 миллион сом жардам сураган. Анын айтымында, президенттин фондунан каражат пайызсыз, үч жылга чейинки мөөнөткө кайтарымдуу негизде бөлүнөрү айтылды.

Нургүл Султаналиева көп жылдан бери багбанчылык менен алектенип, бакты өнүктүрүүгө өз каражатын жумшап келген. Бирок быйыл климаттык шарттарга жана башка кыйынчылыктарга байланыштуу 45 гектар жердеги жемиш бактары куурап калуу коркунучуна кептелген.


Маселени чечүү үчүн багбан президенттин Токтогул районуна иш сапары менен келерин угуп, аны менен жеке жолугууга аракет кылган. Каармандын айтымында, ал түнкү саат 02:00дөн тартып күтүп туруп, көйгөйүн мамлекет башчысына түз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алган.

«Аллахым сураган нерсемди берди, себепкер Президентибиз кылды. Бүгүнкү күндө бакты сактап калуу үчүн 30 миллион сом акчалай жардам сурагам. Президентибиз: “Алган акчаңды так ошол бакка жумшайсыңбы, сөз бересиңби?” — деп сурады. Мен “Ооба, сөз берем” дедим. Себеби ушул күнгө чейин өзүбүз деле бул бакты көтөрөбүз деп канча каражат жумшадык», — деди Нургүл Султаналиева.
Маалыматка ылайык, президенттин фондунан бөлүнөрү айтылган каражат 45 гектар бакты калыбына келтирүүгө жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө жумшалат. Каражат пайызсыз, үч жылга чейинки мөөнөткө кайтарымдуу негизде берилери белгиленди.


Бул колдоо бакты сактап калууга жана багбанчылыкты улантууга мүмкүнчүлүк түзүшү күтүлүүдө. Каражаттын бөлүнүшү жана анын максаттуу пайдаланылышы долбоордун кийинки этабындагы маанилүү маселелерден болот.
Даярдаган:Дилде Таалайбекова