Бүткүл өлкөгө тараган ковид-19 вирусу айыл өкмөт кызматкерлердин ишине дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Оору күчөп турганда Суусамыр айыл өкмөтүнүн 40% кызматкери аралыктан иштеп жатышты.
Бул тууралуу Суусамыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Максат Сейткулов билдирди:
Суусамыр айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Максат Сейткулов
Оору күчөп жатканда айыл өкмөт кызматкерлер өз иштерин аткарып жатышты…
2021-жылы айыл өкмөт кызматкерлер ковид-19 илдетине чалдыккандар катталган жок. Бирок кызматкерлер эл менен аралашып иштегендиктен, иш учурунда тоскоолдуктар болуп жатты. Ковид-19 вирусу күчөп жатканда 40% айыл өкмөт кызматкерлерди аралыктан иштөөгө кетирип жаттык. Аралыктан иштөөдө дагы кыйынчылыктар жаралбай койбойт.
Оорукананын суу түтүгү оңдолду…
Бейтаптарга шарт түзүп берүү максатында, ГСМ жана экскаватор бөлүп, суу түтүктөрдү оңдоп бердик.
Бала бакчанын курулуш иши 85% бүттү…
Суусамыр айыл аймагында 2020-жылы күз мезгилинде бала бакча курула баштаган. Учурда 100 орундук бала бакчанын 85% курулуш иштери аяктады. Келе жаткан жылы курулуш иши аяктап ишке берилет.
Маданият үйүнүн курулуш иши акча каражаттын тартышсыздыгынан токтоп турат…
Суусамыр айыл аймагына маданият үйүнүн курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп берилип 2019-жылы курулуш иштери күчүнө кирген. Бирок акча каражат тартыш болгондуктан курулуш иштери токтоп турат. Маданият үйү губернатордун көзөмөлүндө, кийинки жылы бүтүрүү иштери болот.
Эскерте кетсек, Максат Сейткуловдун айтымында бүгүнкү күнгө чейин Суусамыр айылдык ооруканада вируска каршы эмдөө жүрүп жатат. Мектеп мугалимдер 100%, айыл өкмөт кызматкерлери 70% эмдөөдөн өтүштү.
Айдана Токтобекова