Ак-Талаа райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда “вакциналык кампасын» куруу иштери аяктады. Кампанын курулуш иштери Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып, “COVID-19 илдетине чукул чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Бүткүл өлкөгө тараган ковид-19 вирусу айыл өкмөт кызматкерлердин ишине дагы терс таасирин тийгизбей койгон жок. Оору күчөп турганда Суусамыр айыл өкмөтүнүн 40% кызматкери аралыктан иштеп жатышты.
Ак-Талаа районунда бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ага райондун аймагындагы айылдык клуб, китепканаларда иштеген маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.