Ак-Талаа районунда бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленип, ага райондун аймагындагы айылдык клуб, китепканаларда иштеген маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Кесиптик майрамга арналган салтанаттын алгачкы бөлүгүндө райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринин аткаруусунда Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган сахналык көрүнүш, чыгармадан үзүндү көрсөтүлдү.
Андан соң, маданият тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасы менен Үгүт айылдык китепкананын башчысы Айнагүл Мурсалиева, Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканалар тармагынын башчысы Гүлжаз Сулайманова, Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалими Айсулуу Темирбек кызы, тарых музейинин кызматкери Чолпон Токтобекова сыйланды.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков айылдык маданият үйлөргө колунан келишинче жардам берүү аракеттери көрүлүп жатканын белгиледи.
«Маданият тармагына учурдагы өлкө башчылары дагы көңул бурар. Ынтымакта, биримдикте иш алып барып, маданиятты алдыга жылдыра берели. Мамлекеттик иш-чараларда силердин эмгек зор. Бирок ал эмгек айрым учурда көшөгө артында калып жатат»,- дейт.
Акталаада “Баткен согушун эскерүү күнүнүн” 20 жылдыгы белгиленди
Барчын Мамытбекова