Майрамдык иш-чарага Кочкор райондогу ардактуу энелер, көп балалуу апалар, мамлекеттик мекеме ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Майрамдык кечеде Кочкор райондук Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери жана Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдар искусство мектебинин бий тобунун окуучулары келген конокторго концерттик программа тартуулап, обондуу ырлар жаңырып, бийлер аткарылды.

Салтанаттуу иш-чарага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев энелерди майрамы менен куттуктады. Ал сөзүндө энелер коомдун тиреги, үй-бүлөнүн куту экенин белгилеп, алардын бала тарбиялоодо жана коомду өнүктүрүүдөгү эмгеги баа жеткис экенин айтты.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Баялы Досалиев белектерди тапшыруу учуру
Ошондой эле энелер күнүнө карата демөөрчүлүк кылган Кочкор районунун уулдары- Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраевден жана жеке ишкер Жакыпбек Бейшеналиевден даярдалган белектерди энелерге райондун акими Баялы Досалиев жана акимдин орун басары Талгар Исаев тапшырышты. Белектерди алган апалар уюштуруучуларга жана колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылыгын билдиришти.
Даярдаган: Нурия Карымбаева