Жазгы айдап-себүү мезгилинде күйүүчү майдын баасынын кымбатташы дыйкандар үчүн көйгөй жаратууда. Ушуга байланыштуу Нарын районуна караштуу Учкун айыл аймагына мамлекеттик резервден жалпы 18 тонна арзандатылган күйүүчү май (солярка) бөлүндү.
Маалыматка ылайык, күйүүчү майдын 60 пайызы литрине 74 сомдон берилсе, калган бөлүгүнүн баасы 81 сомду түзгөн. Айыл тургундары күйүүчү майды алуу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылып, алдын ала төлөм жүргүзүшкөн.Күйүүчү майды санарип кассага эле төгүп, запрвкадан куйдуруп алуугада мүмкүнчүлүктөр каралган. Ал үчүн телефонго RedPay KG колдонмо тиркесин жүктөп алуу менен ишке ашырылып жаткан учур.
Айыл тургундарына арзан күйүүчү майдын келиши жазгы айдап себүү иштери үчүн жакшы жеңилдик
Куланак айылынын тургуну Ысмайылбек Карагулов төмөндөгүлөргө токтолду:
«Айыл өкмөткө келген күйүүчү майдыдын литрин 74 сомдон төлөп алдым. Биринчи акчасын төлөдүк. Анан май келгенде талон менен эле алдык. Эл үчүн бул жакшы жеңилдик. Учурда майдын баасы 91 сомго жетти. Мен 100л майды 74 сомдон алдым. Нарынга барып убара тарткан жокмун».
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева