25-августта «Биримдик кербенинин» катышуучулары тогуз жолдун тоому болгон Кочкор районунун Түндүк-Түштүк альтернатива айланма жолунда жолугушту.Аталган жерге өлкөнүн Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облусунун кербенчилери чогулушту. Бул иш-чара алдыдагы VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулду.


Кербендин катышуучулары өздөрү жашаган аймактан атайын көөкөргө мөңгүдөн аккан суудан куюп жолго чыгышкан. Бул суунун негиги максаты төмөнкүчө: Кыргызстандын жети облусунан чогултулган мөңгү суулары VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде бир идишке бириктирилип кийинки көчмөндөр оюндарында өтүүчү мамлекетке тапшырылат.

Кербенчилер Кочкор районун аралап Семиз-Бел айылында жайгашкан «Ормон Хан» этнокомплексине клишти. Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Досалиев Баялы Атамырзаевич кербендин катышуучуларына куттуктоо сөзүн айтып,VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маанилүүлүгүнө токтолуп аларга ак жол каалады.

Андан соң район башчысы Көл-Үкөк жайлоосунан алынган сууну Кочкор районунун суу башчысы тарыхчы-этнограф Болот Бообек уулуна расмий тапшырды. Кербенчилер андан ары Балыкчы шаарына жол алышты.

Салтанаттуу иш-чара Кочкор районунун өнөрпоздорунун ыр-бийи менен коштолду.
Даярдаган: Бакыт Кожокматов