Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) “тынчсызданган вариант” деп белгилеп, бул ооруга “Омикрон” деген ат ыйгарды. “Омикрон” варианты дүйнөнүн бир нече өлкөлөрүндө катталганы жөнүндө интернет булактарына маалыматтар тараган. Бирок азырынча “Омикрон” варианты канчалык кооптуу экенин дарыгерлер деле айта алышпайт. Себеби тыянак чыгарууга али эрте.
Айылда күн сууктаган кыш мезгилинде ансыз дагы сасык тумоо көбөйгөнү, “Омикрон” варианты жөнүндөгү маалыматтардан улам айыл тургундары дагы тынчсызданууда. Бул боюнча мага көрүнгөнү келген ар бир адам сурап маалымат алгысы келет. “Омикрон” тез жайылган вирус болгондуктан дарыгерлер дагы ыкчам чараларды көрүшүбүз керек. Бирок бул варианттын канчалык кооптуу экени, башка варианттарга караганда адамдарды оорутуп оорутпасы жөнүндө маалыматтар аз деген оюн билдирди айылдык дарыгер Рустам Ридванов.
Кантип? Кандай ыкчам чараларды көрүш керек? Эмне үчүн эмөодөн өтүш керек?
Ар бир жаранды сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүүгө чакыруу керек. Вакцина аркылуу өмүрлөр сакталып, оору жуккан күндө да ал жеңил формада өтөт. Эмдөө-өзүңдү жана жакындарыңды COVID-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу. Коронавирустун жайылуу динамикасын эске алганда бул оору эртели кеч бардык кишилерге жетет. Ал үчүн алдын ала организмди даярдап, иммундук коргонуу чараларын көрүү керек.
Албетте, эмдөөдөн өтүүдө алдын- ала дарыгердин кеңешин алган жакшы. Балким өпкөнүн өнөкөт оорусу менен жабыркап жүргөн же жүрөк, кан тамыр, диабет илдети менен ооруган адамдар бар. Бул адамдар сөзсүз түрдө дарыгерден кеңеш суроосу зарыл.
Азыркы учурда, айыл тургундары мурда COVID-19 илдети менен ооруп айыккандар же болбосо вакцина алгандар коомдук жайларда эл көп чогулган аш-тойлордо, транспорттордо, уколго кезекте турганда бет капсыз, аралыкты сакташпайт. Бул эрежелерди эмдөөгө чейин эле эмес вакцина алгандан кийин дагы сөзсүз колдонуу керек.
Турсун Омуралиева