Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицейде Нооруз майрамына карата спорттук мелдештер өткөрүлдү. Аны №43-кесиптик лицейдин Аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын мугалими Узакбай Исмаилов уюштурду. Нооруздун майрамдык шаңын арттырып, салтанаттын маанисин жогорулаткан спорттук оюндар боюнча ɵткɵрүлгɵн мелдештер жаштарды кызыкка батырды.
Оюнга катышуучулары 3 командадан түзүлүп, №19 Түзөтүү мекемесинин кызматкерлери, 4-өзүнчө батальондун 10-ротасынын жоокерлери жана Б.С.Шаршенбаев атындагы №43-кесиптик лицейдин окуучулары катышышты. Бул жолу да айыл ичиндеги жаштар, күйөрман катары арбын келишти.
Жаңы-Жер айылында жайгашкан №43-кесиптик лицейде Нооруз майрамына арналган спорттук оюндар менен башталды. Нооруз майрамын жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн, жаштарга спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана элге жайылтуу максатында, спорттук оюндардын түрлөрү, кыргыз күрөшү, таяк тартыш, таш көтөрүү, кол күрөш түрлөрү боюнча мелдештер уюштуруулуу аракетинде.
Бүгүнкү оюндун уюштуруучулары №19-Түзөтүү мекемесинин тарбия иштер боюнча орун басарлары подполковник Б.Арзымбаев, 4-ботальондун 10-ротасынын командири майор Ачылбек Мукадасбек уулу, БСП ик капитаны Н. Сатыбалдиевдер куттуктоо сөздөрүн сүйлөп майрамдын катышуучуларына бекем ден-соолук, сергек жашоо жана ийгиликтерди каалашты.
Нооруз майрамына арналган волейбол жана үстөл үстүндөгү теннис оюндарынын турнириндеги мелдештердин жыйынтыгы жөнүндө айтсак:
Ал эми №43-кесиптик лицейдин директорунун айтымында спорттук мелдештерге мындан ары такай маани берилет. “Спорт бул жаштарды сергек жашоого чакырып, алардын ден-соолугун бекемдейт, жана кесиптик лицейдин өнүгүшүнө өзүнүн оң натыйжасын берет” — дейт Бакыт Темиралиев өз сөзүндө.
Турсун Омуралиева