Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 5-класстын ата-энелеринин арасында Сармерден оюну өткөрүлдү.
Сармерден оюнунда ата-энелер улуттук кийимдерди кийип, эмблема жакташып, сахнаны жасалгалашып, обондуу ырларды ырдап, макал-лакап, жаңылмач, табышмактарды табышып, кыргыз бийлерин бийлеп, бешикке салуу, тушоо кесүү салттарын көрсөтүп беришти.
Сармердендин максаты кыргыздын улуттук каада салттарын, руханий маданиятын, улуттук баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп берүү болду.
“Менин кызым 5-класста окуйт мен кызым үчүн сармерденге катышып ырдап бийлеп, бир күн болсо да руханий жактан эс алдым. Ата-энелер кийинки муундарга кыргыздын улуттук баалуулуктарын, ыр бий, каада салтарын көрсөтүп берүү менен ата-энелер менен мектеп ортосундагы байланышты күчөтүп, балдарыбыздын тарбиясына үлгү көрсөтө алдык деп ойлойбуз» дейт Кенже Кутманова.
Даярдагандар: Арууке Эсенбекова,Азема Кудуева.