Бүгүн Кочкор районунун Жыргалбек Абдыкалыков атындагы Маданият үйүндө Кочкор районунун жигиттери жана Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын кыздары » Кыз-жигит сармерден» оюнун уюштуруп, Кочкор районунун жергиликтүү тургундарына ыр майрам кечесин тартуулашты.

Сармерден Кыргыз Республикасынын Президентинин » Улуттук дем- дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгынын алкагында эки облустун маданият үйүнүн кызматкерлеринин күчү менен уюштурулуп, кыргыз элинин бай маданиятында жаштардын тарбиясына, өнөрүнө жана акылына өзгөчө көңүл бурулуп, бүгүнкү иш-чара өткөрүлдү.

Улуттук салт-санааны даңазалаган сармерден оюну бул жолу өзгөчө шаң менен өттү. Кочкордун жигиттери Ысык-Көлдөн келген сулуу кыздары бир сахнада күч сынашып, көрүүчүлөргө унутулгус маанай тартуулашты.

Сармерден оюнунда эки топ тең өздөрүнүн тапкычтыгын, чечендигин жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Кыздар жана жигиттер ырдап, бийлеп, макал-лакап, жаңылмач, табышмактарды айтып, ар бир суроо жоопсуз калган жок.

Элмира Ниязалиева калыстар тобунун төрайымы
Калыстар тобунун төрайымы Элмира Ниязалиева өзүнүн сөзүндө өзгөчө таланттуу жигит кыздарды белгилеп, оюн достук маанайда өтүп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого чоң салымын кошкондорду белгилеп кетти.


Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев
Жыргалбек Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн директору Сүйүндүк Сандыбаев бүгүнкү сармерден оюну жөнүндө ой-пикири менен бөлүштү:
» Бүгүнкү иш-чаранын максаты жарлыктын негизинде жер-жерлерде ар кандай иш-чаралар өтүп жатканын көрүп атабыз. Биз дагы Чолпон-Ата шаарынын маданият үйү менен сүйлөшүп, бүгүн Кочкор элине ыр майрам тартуулап жатабыз. Бул сармерден оюну биз үчүн тажрыйба алмашуу. Ошондой эле бүгүн нарктуу элибизге элдик нарк баалуулуктары бекем сактоого билим, илим, маданият жана улуттук демге даяр экенибизди көрсөтө алдык десем жаңылбайм. Мындай иш-чаралар жаштарды улуттук маданиятка жакындатып, салттуу оюндарды кайра жандандырууга чоң мааниге ээ. Кочкордун жигиттери менен көлдүн кыздары өткөргөн бул сармерден оюну дагы бир жолу кыргыз элинин бай мурасын даңазалап, көрүүчүлөрдүн жүрөгүндө жылуу из калтырды деп ойлойм.»

Жыйынтыгында эки облустун сармерден оюнуна катышкандар бир бирине чакан белектерди, ыраазычылык каттарды тапшырып иш-чараны жыйынтыкташты.
Даярдаган: Назик Мирланова, Асема Кожалиева