А.Сопиев атындагы №19 Тасма жалпы орто билим берүү мектебинде 22-апрелде мазмундуу жана таасирдүү иш-чара болуп өттү. Мектеп жамааты кыргыз элине белгилүү инсан — мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбековду жылуу тосуп алып, ата-энелер жана окуучулар үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон семинар уюштурду.

Иш-чаранын алкагында ата-энелерге арналган «Бала — күзгү. Ата-эне менен мугалимдин биргелешкен жоопкерчилиги» — аттуу темадагы семинар өтүлүп, анда үй-бүлөдөгү тарбиянын орду, ата-эне менен мугалимдин тыгыз кызматташуусунун мааниси жана баланын инсан болуп калыптанышындагы үлгүнүн ролу терең жана таасирдүү баяндалды. Спикер өз сөзүндө баланын дүйнө таанымы, жүрүм-туруму эң оболу ата-энеден башталарын баса белгилеп, коомдун келечеги тарбиядан көз каранды экенин өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле окуучулар үчүн «Билимге жол — китеп окуунун пайдасы» аттуу мазмундуу жолугушуу уюштурулуп, анда китептин адамдын ой жүгүртүүсүн өстүрүүдөгү, дүйнө таанымын кеңейтүүдөгү орду кеңири ачып көрсөтүлдү. Жаш муундарды билимге умтулууга, өз алдынча изденүүгө, руханий дүйнөсүн байытууга чакырган ойлор айтылып, окуучуларга чоң дем-күч берилди.
Бул маанилүү иш-чара кыргыз тили жана адабияты мугалими Жеңиш кызы Гүлбаранын демилгеси менен уюштурулуп, Нуржигит Кадырбековду айылга чакыруу аркылуу ишке ашырылды. Уюштуруучунун аракети мектеп жамааты, ата-энелер жана окуучулар тарабынан жогору бааланып, мындай жолугушуулар тарбия жана билим берүү ишинде өзгөчө мааниге ээ экени белгиленди.

Иш-чара ар бир катышуучунун жүрөгүндө терең ой калтырып, билимге жана тарбияга болгон мамилени дагы бир ирет чыңдоого өбөлгө түздү.
Даярдаган: Диана Жайлообаева