Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында 35 жаштан жогору жигиттер арасында волейбол боюнча турнир уюштурулуп, спорттук иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул мелдеш аймактагы тургундардын сергек жашоо образын жайылтуу, ынтымакты бекемдөө жана улуу муундагы жарандардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөдү.

Турнирге райондун Ак-Жар, Кызыл-Дөбө, Чолпон, Молдо-Кылыч, Көк-Жар айылынан түзүлгөн командалар катышып, өз ара күч сынашты. Ар бир команда даярдык менен келип, оюндар кызыктуу жана атаандаштыкка бай өттү. Көрүүчүлөр үчүн да мелдеш өзгөчө маанай тартуулап, айыл тургундары активдүү колдоо көрсөтүштү.

Оюндардын жүрүшүндө командалар өз чеберчилигин, ыкчамдыгын жана биримдигин көрсөтүп, ар бир упай үчүн курч күрөш жүрдү. Айрым оюндар өтө чыңалган абалда өтүп, акыркы мүнөттөрдө гана жеңүүчүлөр аныкталды.

Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар аныкталып, жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Чолпон, Кызыл-Дөбө, Молдо-Кылыч айылынан келген командалар байгелүү орундарга ээ болушту. Ошондой эле айрым мыкты оюнчулар өзүнчө номинациялар боюнча белгиленип, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Мындай спорттук иш-чаралар айыл тургундарын бириктирип, достукту чыңдоодо чоң мааниге ээ. Төлөк айылында өткөрүлгөн бул турнир дагы бир жолу спорттун адамдарды жакындаткан күчүн далилдеп, келечекте да ушундай мелдештерди өткөрүү зарылдыгын көрсөттү.

Даярдаган: Жасмин Мырзабекова