Токтогул шаарындагы №4 Бримкулов атындагы мектепте окуучулар арасында шахмат боюнча райондук биринчилик өткөрүлдү. Мелдешке аймактан 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар катышты.

Иш-чаранын негизги максаты — Президенттин шахматты өнүктүрүү боюнча Жарлыгын жана Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Жобосун ишке ашыруу, жаштар арасында шахматты жайылтуу жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп саналат.

Мелдештин жыйынтыгында 1-, 2-, 3-орунду ээлеген жеңүүчүлөргө дипломдор, акчалай сыйлыктар жана кийинки II этапка катышууга жолдомо берилди.

Бул райондук таймашка Терек-суу айылындагы Турусбек мектебинин окуучулары да катышып, чоң ийгиликтерди багындырышты. Жалпысынан 12 окуучу катышып, алардын ичинен 6 окуучу байгелүү орундарга ээ болуп, республикалык олимпиадага жолдомо алышты.

Байгелүү орундарга ээ болгон окуучулар:
8 жашка чейин: Турарова Рабия — 2-орун
10 жашка чейин: Үсөнкулова Ханзада — 2-орун
12 жашка чейин: Дүйшеналиева Раяна — 3-орун
14 жашка чейин: Майрамбекова Аселя — 2-орун
16 жашка чейин: Анаркулова Азема — 1-орун
18 жашка чейин: Ниязова Нуркыз — 2-орун
«Биздин окуучулардын райондук биринчиликке катышып, байгелүү орундарды багындырганы мектебибиз үчүн чоң сыймык болду. Алдыда республикалык жана областтык деңгээлдеги таймаштарга дагы даярданып, окуучуларыбыз мындан да чоң ийгиликтерге жетишет деген чоң үмүттөбүз», — дейт машыктыруучу мугалим Муктар Боконбаев.
Даярдаган: Азема Сабырбекова