Күнтүү айыл аймагына караштуу Кызыл-Туу айылында Табышалиева көчөсүнүн 1 чакырым 100 метр бөлүгүнө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Жолду оңдоо иштери жергиликтүү тургундардын каттамын жеңилдетип, транспорт каражаттарынын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүүгө багытталган.
Күнтүү айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиевдин айтымында, ички жолдорду жакшыртуу — айыл аймагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири.
«Айыл жериндеги инфраструктураны, айрыкча ички жолдорду жакшыртуу — биздин негизги максаттарыбыздын бири. Кызыл-Туу айылындагы Табышалиева көчөсүнө асфальт төшөө иштери жергиликтүү тургундардын көптөн бери күткөн тилеги болчу. Бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана демөөрчүлөрдүн колдоосу чоң роль ойноп жатат. Айыл элинин турмушун жакшыртууга салым кошуп жаткан бардык мекемелерге ыраазычылык билдиребиз. Мындай иштер мындан ары да улантылып, башка көчөлөрдү оңдоо боюнча да пландарыбыз бар», — деди Мирбек Суюналиев.
Жолду оңдоо иштерине «Сайкал Групп» асфальт-бетон заводунун жетекчилиги жана эмгек жамааты демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүдө.
Кызыл-Туу айылынын тургуну, Күнтүү айыл аймагындагы жергиликтүү кеңештин депутаты Светлана Качкынбаева жолдун оңдолушу айыл тургундары үчүн маанилүү экенин белгиледи.
«Биз үчүн бул чындыгында чоң кубаныч. Табышалиева көчөсү аркылуу күн сайын мектепке барган балдар, жумушка каттаган тургундар жолдун абалынан кыйналып келишкен. Айрыкча жаан-чачындуу күндөрү ылай болуп, жүрүүгө ыңгайсыз эле. Айыл өкмөтүнө, демөөрчүлүк колдоо көрсөткөн «Сайкал Групп» ишканасына жана бул ишке салым кошкондордун баарына айыл элинин жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем. Жолдун сапаттуу асфальтталып жатканын көрүп, абдан сүйүнүп жатабыз. Кудай буюрса, башка көчөлөрүбүз да оңдолот деп ишенем», — деди Светлана Качкынбаева.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жолдун оңдолушу айылдагы күнүмдүк каттамды жеңилдетип, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзөт.
Даярдаган:Раяна Бейшенбекова Айдай Джолчубекова