Аксы районунда майыптыгы бар жарандар арасында XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.Спорттук иш-чарага Жалал-Абад облусунун райондорунан спортчулар катышып, спорттун ар түрдүү түрлөрү боюнча күч сынашты.


Мелдешке Тогуз-Торо районунан 8 спортчу катышып, бир катар спорттук багыттар боюнча ийгиликтүү жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Жыйынтыгында Тогуз-Торо районунун өкүлдөрү төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:
I орун – жаа атуу боюнча: Акматбек кызы Рыскүл;
II орун – таш көтөрүү боюнча: Рысбек Ташматов;
III орун – кол күрөш боюнча, эркектер арасында: Болот Абдыкеримов.
III орун – көзү азиздер арасында кичи футбол боюнча: Эдилбек Үркүнбаев жана Жеңишбек Кыдыков.
Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева