Тогуз-Торо районунда жаштар арасында шахмат спортун өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында шахмат боюнча мелдеш өткөрүлдү.Мелдешке райондогу жалпы билим берүүчү мектептерден 6 жаштан 18 жашка чейинки окуучулары катышып, шахмат боюнча чеберчиликтерин жана логикалык ой жүгүртүүсүн жана стратериялык жөндөмдөрүн сынашты.


Таймаштын жүрүшүндө жаш шахматчылар арасында кызыктуу жана курч оюндар өтүп, катышуучулар өздөрүнүн даярдыгын жана чеберчилигин көрсөтүштү. Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, тиешелүү сыйлыктар менен белгиленди.

Иш-чаранын алкагында «Акимдин кубогу» өткөрүлүп, шахматты кеңири жайылтууга, өспүрүмдөрдүн интеллектуалдык спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана алардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган иштерге өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы «2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» №196 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Мындай иш- чаралар жаш муундун интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын калыптандырууга жана шахмат спортун калк арасында кеңири жайылтууда өбөлгө түзөт.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева