ТТогуз-Торо районунда 5 жаштан 18 жашка чейинки таланттуу балдар арасында «Талантың болсо өргө чап, таанылып өсүп элге жак» аттуу кароо-сынак өткөрүлүп, анын алгачкы баскычы жыйынтыкталды.

Кароо-сынак Тогуз-Торо районунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Анын максаты — айыл аймактарындагы жаш таланттардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү, өнөрүн элге таанытуу жана колдоо көрсөтүү.

Сынактын жүрүшүндө Азирет Сыдыков атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия айыл аймактарды кыдырып, катышуучулардын өнөрлөрүн жеринен көрүп, баалады. Алардын аткаруучулук чеберчилиги жана чыгармачылык жөндөмү эске алынып, мыктылары тандалып алынды.

Кароо-сынактын алгачкы баскычынан өткөн таланттуу жаштар райондук чоң сахнада өз өнөрлөрүн тартуулашат. Финалдык сынак 30-сентябрда Азирет Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө өтүп, жеңүүчүлөр аныкталат.

Өнөрлүү жаштардын чыгармачылыгына күбө болуп, аларга колдоо көрсөтүүнү каалагандар финалдык сынакка чакырылат. Билеттер Азирет Сыдыков атындагы райондук маданият үйүндө сатылууда.
Даярдаган: Аделина Бейшеналиева