Токтогул районунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Болотбек Борбиев жана Гүлшаркан Култаева баштаган жумушчу топ жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү..

Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү Токтогул шаарында, ошондой эле Кетмен-Дөбө жана Абды Сүйөркулов айыл аймактарында болушту. Жолугушууларга министрликтердин өкүлдөрү, район акими жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты.

Жыйындар ачык суроо-жооп форматында өтүп, тургундар өздөрүн түйшөлткөн көйгөйлөрдү ортого салышты. Алардын катарында таза жана сугат суу маселеси, жолдордун абалы, электр мамычаларын жаңылоо, мектеп жана бала бакчаларды оңдоо, дарыгерлердин жетишсиздиги сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле маданият үйлөрүн куруу, жер трансформациясы, жайыттарды пайдалануу жана жөлөк пул маселелери да айтылды.

Көтөрүлгөн ар бир суроо боюнча депутаттар жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү түшүндүрмө берип, айрым көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунушташты.

Жыйындын жыйынтыгында атайын протокол түзүлүп, маселелерди этап-этабы менен чечүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Депутаттар бул маселелердин аткарылышы көзөмөлдө болорун белгилешти.
Иш сапар мындан ары Үч-Терек, Ничке-Сай айыл аймактарында жана Кара-Көл шаарында улантылды.

Даярдаган: Азема Кудуева.