Кочкор районунда жаңы социалдык дүкөн иштеп баштады. Дүкөн Ормон Хан айыл өкмөтүнүн имаратынын жанында жайгашып, аны «Адал Азык» ЖЧКсынын «Тойбосс» ишканасы ачты.

Аталган социалдык дүкөндө жергиликтүү тургундар бардык эттин түрлөрүн, жарым фабрикаттарды жана «Тойбосс» ишканасы тарабынан өндүрүлгөн сапаттуу, экологиялык жактан таза продукцияларды жеткиликтүү баада сатып аларын «Тойбосс» ишканасынын кызматкери Тамерлан Адиев айтып кетти.

«Тойбосс» ишканасынын кызматкери Тамерлан Адиев
Анын маалыматында социалдык дүкөндүн негизги максаттары бул калкты сапаттуу, жергиликтүү баадагы азык-түлүк менен камсыз кылуу жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо. Ошондой эле барыбызга маалым болгондой эттин баасы жогору болуп, көп аз камсыз үй-бүлөлөр эт азыктарын ала албай жатат. Ошондуктан биздин дүкөн баалардын негизсиз өсүшүн алдын алат жана социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга колдоо көрсөтөт.


Дүкөндүн ачылышы бул аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизип, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Даярдаган: Канайым Мирланова