Токтогул районуна караштуу Терек-Суу айылында элдик салым менен кудай тамак өткөрүлдү. Иш-чара жамгыр жаап, жерге береке түшсүн, эл ичинде тынчтык болсун деген тилек менен уюштурулду.

Кудай тамакка каражат айыл тургундары тарабынан чогултулуп, эки бодо мал союлду. Жалпы 130 миң сомго азык-түлүк, анын ичинде күрүч жана май алынып, экинчи бодо малды айыл тургуну, биология мугалими Роза Жумабаева үй-бүлөсүнүн атынан союп, элдин батасын алды.

Иш-чара учурунда курмандык чалынып, Куран окулду. Андан соң аксакалдар жана тургундар ак тилектерин билдиришип, жамгыр өз убагында жаап, түшүм мол болсун, өлкөдө тынчтык өкүм сүрсүн деген баталарын беришти.
Уюштуруучу Таалай Эсеновдун айтымында, бул салт көп жылдан бери улантылып келет. Айыл эли ар бир түтүндөн 400 сомдон чогултуп, жалпы ашка 120 кг күрүч басылган.
Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай кызматтын муундан муунга өтүп турушу. Быйыл 1980–1981-жылкы жигиттер жубайлары менен бирге кызмат өтөп, элге тамак берип, батасын алышты. Мындай салт жаштарды жоопкерчиликке, ынтымакка жана улууларды урматтоого тарбиялайт.
Даярдаган: Азема Кудуева