Токтогул шаардык мэриясы муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо менен бирге, инфраструктураны жакшыртуу иштерин активдүү баштады. Жаңы алынган техникалар салтанаттуу тапшырылгандан кийин дароо ишке киришип, шаарга караштуу айылдардын жолдорун иретке келтирүүдө.

“Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап техникалар менен толукталды. Анын ичинде таштанды чыгаруучу 2 унаа, саркынды сууларды сордуруучу 1 ассенизатор жана жол иштерине арналган 1 грейдер бар.

Учурда жаңы грейдер Кызыл-Туу жана Кара-Суу айылдарында ички көчөлөрдү тегиздеп, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Айрыкча коомдук транспорт жүргөн жана унаа көп каттаган жолдорго басым жасалууда. Бул иштердин натыйжасында тургундардын жүрүп-туруу шарттары жакшырып, жолдор коопсуз жана ыңгайлуу боло баштады.


Мэрия өкүлдөрү мындай иштер мындан ары да улантыларын белгилешип, техникалык базанын жаңыланышы шаарды өнүктүрүүгө чоң салым кошорун айтышты.
Даярдаган:Азема Сабырбекова