Ак-Талаа районуна ички көчөлөргө жана чоң жолдорго суу чачып туруу үчүн 2 даана суу чачкан атайын унаалар берилди.Маалыматка ылайык, техникалар өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен алынган. Анын бири Баетов Кош-Дөбө унаа жолундагы чаңды басуу үчүн Ала-Буга айыл өкмөтүнө берилсе, экинчиси райондук жол тейлөө ишканасына караштырылып, айыл ичиндеги көчөлөрдү жана чоң жолдорду тазалоо иштеринде колдонулат

Учурда унаалардын бири жолдо келе жатканы маалымдалып, экинчиси ишке киришти. Жаңы техника аркылуу “Таза Баетов” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Баетов айылынын борбордук көчөлөрүнө суу чачып чыгышты.



Бул иштер аймактагы экологиялык абалды жакшыртып, чаңды азайтуу менен тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова