Төлөк айылында пандемия учурунда ветврачтардын иш алда канча көбөйгөн, анткени мамлекет тарабынан мал жандыкка идентификациялоо иштери мындан үч жыл мурун башталган.
Төлөк айылынын веттеринардык врачы Жедигер Тилебалдиев учурда кесиптештери менен идентификациялоо иши менен алек. Ага жолугуп маек курганыбызда ал төмөндөгүлөрдү билдирди:
Веттеринардык врач Жедигер Тилебалдиев
-Саламатсызбы?
-Саламатчылык!
-Негизинен идентификациялоо иши качан башталган?
-Идентификациялоо иши мындан 3 жыл мурун тагырак айтканда 2019-жылы башталган. Башынды уйларга идентификация кылганбыз. Быйыл жылкыларды идентификациялап баштадык. Бир нече убакыттан кийин бүтүп калат деген ойдомун.
—Идентификациялоону элдер кандай кабыл алышты?
-Башында айыл элине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Көпкө чейин кабыл албай жатышты. Пайдасы көбүрөөк экенин билгенден кийин идентификациялата башташты. Азыр жакшы кабыл алгандары дагы бар. Ошондой эле терс пикир билдирген адамдар да жок эмес.
-Эмне үчүн идентификациялаш керек?
-Биринчиден, айылдагы малдын саны так чыгат. Экинчиден, жоголуп кете турган болсо табуу мүмкүнчүлүгү батыраак.
-Жалпы канча мал идентификацияланды?
-Бир-эки жыл мурун уйлардын толук бүткөнбүз. Азыр 200дөй жылкы идентификациядан өттү. Буюрса баардыгын толук өткөрөлү деген максат бар.
Жылкыларды идентификациялоо учуру
Айпери Марлес кызы