КОВИД-19 илдетине каршы эмдөө иштеринен 4-этабы башталды. Эмдөө эмне үчүн керек? Бул суроого жооп издеп көрөбүз.
Төлөк айылыны №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медайымы Гүлбарчын Өмүрова учурда КОВИД-19 илдетине каршы эмдөө ишин жүргүзүп жаткан учуру. Бүгүнкү маегибизде ал эмдөө эмне үчүн керек экени жөнүндө маалымат берди.
«Эмдөө бул адам өзүн жана жакындарыңды Covid-19 илдетинен коргоонун эң ишенимдүү жолу. Коронавирус илдети жүрүп жаткандыктан эртели-кеч инфекция бардык кишиге жугушу мүмкүн. Ал үчүн алдын- ала организмди даярдап, иммундук коргонуу менен камсыздоо зарыл. Эл арасында вакцина уколунда вирус бар деген карама-каршы пикирлер айтылып келет. Анда көбөйүп, өрчүп кете турган вирустук бөлүкчөлөр жок. Андыктан эч коркпостон эмдөөдөн өтө берсе болот. Эмдөө албаган адам ар кандай кырдаалда (жолдо баратып транспортто, уколго кезекте турганда ж.б.у.с.) жуктуруп алган болушу толук мүмкүн. Бирок вакцина аркылуу вирус жукпайт. Көпчүлүк кишилер эмдөөдөн кийин эч кандай деле өзгөчө симптомдорду сезбейт. Бир аз алсыроо, оору, укол алган жери кызарып, же шишип турушу, булчуңдардагы бир аз ооруксунуу, кээде дене табынын көтөрүлүшү, кээ бир учурда гана чыйрыгуу, көңүл айлануу болушу мүмкүн. Мунун баары иммунитеттин пайда болушундагы нормалдуу реакциялар. Температура көтөрүлөт, бирок, температураны 38 градус болгонго чейин түшүрбөш керек. Эгер андан дагы жогорулап кетсе, аны түшүрө турган, адатта парацетамол колдонууга болот. Айрым учурда гана чыйрыгуу эки-үч күнгө созулат. Бул көрүнүш бат эле өтүп кетет.
Айыл элинин 70% эмдөөдөн өтүшү шарт, ошондо гана биз толук башкаларга жуктурбай, жугузбай сактап калабыз. Эмдөөнүн максаты бул илдеттин алдын алуу жана азайтуу. Учурда бул илдетке каршы эмдөөдөн айыл элинин 10% өттү. Бул эмдөө жаңы башталгандыктан, айылдаштарды эмдөөгө чакырат элек.»