Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, биринчи учкуч- инструктор Касым Ормокеев. Жердешибиз Сталинградды коргоодо аба майданында 1942-жылы 6-августта каза болгон. Орок айыл өкмөтүндө анын жаркын элесине арналган айкел тургузулуп, 26.О4.2О23-жылы ачылыш аземи болду.

Ормокеев Касым тууралуу маалымат такта

Айкелдин ачылышындагы ардактуу коноктор

Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков
«Бүгүн биздин Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүндөгү Жал айылында жакшы саамалык болуп өттү. Биздин айылдын тургуну Багышов Жаныбек байкенин демилгеси менен тургузулган Ормокеев Касым атабыздын айкелинин ачылышы болду. Касым Ормокеев Кыргызстандан чыккан биринчи учкуч- инструктор, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде душмандарга каршы абада салгылашууда баатырдык көрсөткөндүгү тууралуу Сарбан айылынын тургуну генерал-майор Асанбек Алымкожоев агабыздын жана Россия элчилигинен келген меймандардын айтууларынан билдик. Атабыздын эрдиги биз үчүн сыймык болду. Бир туугандары да келип, айкелдин ачылышына катышышты. Ачылыш аземге даярдык көрүүдө көмөк көрсөткөн инсандардын ыраазычылык билдирем»,-деди.

Эстелик үчүн сүрөт

Дамира Багышова — Жал айылынын тургуну
«Касым Ормокеев чоң аталарыбыз. Бүгүн биздин туугандар үчүн көптөн күткөн айкелдин ачылыш аземи болду. Абдан кубанычтабыз, сыймыктанабыз. Биздин чоң аталарыбыздан баатыр чыкканына. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда абада жанын аябай эрдик көрсөткөнү биз үчүн сабак. Анткени баатырлар бизге тынчтыкты жеңип беришкен. Азыркы жакшы жашообуздун себепкерлери. Аталарыбыздын баскан жолун эч качан унутпашыбыз керек. Айкелдин ачылышына Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары, ошондой эле Бишкек шаарынын №58 мектеп окуучулары катышышты. Иш чараны көркунө чыгарган Коргоо Министрлигинин алдындагы ардактуу кароол ротасынын аскерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Иш-чаранын программасын түзүп жана алып баргандарына. Өздөрүнө, үй-бүлөсүнө бекем ден соолук каалайбыз. Ар дайым тынчтык үчүн ушундай жакшы программаларды ишке ашыра беришсин»,- деп оюн билдирди.

Жаныбек Багышов- Жал айылынын тургуну
«Касым Ормокеев атамдын бир тууганынын иниси. Азыркы учурда бир туугандарынан Жакшылык байкем, Рысбек байкем, Дүйшөнбек байкем, Жыргал байкем, Кубаныч жана алардын балдары Ормокейдин урпактарыбыз. Кыргыз жергесинен алгачкы учкуч- инструктор баатыр чон атабызга таазим этебиз. Бизге жаркын жашоо орнотуп бергенине. Бүгункү айкелдин ачылышынаалтындай болгон убактыларын бөлүп келген инсандарга жана чыгып сүйлөгөндө Касым атабыздын баскан жолун жаш муундарга айтып бергендиктери үчүн чоң ыраазычылык билдирем. Генерал- майор Асанбек Алымкожоев айткандай бул жерде мындан ары да даталуу күндөрдө иш-чаралар өтүлсүн дегени абдан туура. Окуучулар келип, 9-майда гүл коюп, салтка айландыруу керек. Элибизде тынчтык болсун. Бүгүнкү биздин туугандардын кубанычын тең бөлушүп келгениңиздерге чоң рахмат»,-деп айтты.

Касым Ормокеевдин туугандары

Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары туугандары менен түшкөн сүрөт
Аталарыбыздын эрдиктерине даңк.
Динара Султаналиева, Алия Исакова, Берметкан Исабекова