Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин эскерүү иш-чарасын Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинин 9-а класстын окуучулары белгилешти.Ага и Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Акмат Өмүралиевдин балдары, небереси келип катышышты.
Келген конокторго окуучулар Жеңишке арналган ырларды, бийлерди, сахналашкан көрүнүштөрдү тартуулашты.
Соңунда Акмат Өмүралиевдин кызы Майрам Өмүралиева атасынын Улуу Ата Мекендик согушта болгон окуяларын балдарга айтып берди.
Майрам Өмүралиева Акмат Өмүралиевдин кызы
«Атам Акмат Өмүралиев Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунун Көк-Жар айылында 1923-жылы 1-январда кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1941-жылы сентябрь айында 7-классты бүтүп, согушка аттанган.1943-жылы август айында «Курс Дуга» катышкан. 1944-жылдары Берлиндин шаарларына чейин барып, 1945-жылы апрель айында минага жарылып, эки бутунан жаракат алган. Госпиталда 6-ай жатып, айгып чыккан соң ошол жерде складында иштеген.1946-жылы сентябрь айында үйүнө жеңиш менен кайтып келген. Согушта атабыз көп кыйынчылыктарды, ачкачылыкты башынан өткөргөнүн көп айтып берчи».
Самарбек Өмүралиев небереси сөз улады.
Самарбек Өмүралиев Акмат Өмүралиевдин небереси
«Чоң атам согуштан кийин Нарын шаарындагы жана Кочкор жергесинин «Лесхоз» уюмунда эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан, бирок узаак оорусунун айынан 2006-жылы 12-февралда каза болгон. Көптөгөн медаль жана ордендердин ээси болгон. Эскерүү иш-чара үчүн чон ыраазычылык билдиребиз, азаматсыңар балдар. Бул иш-чара Улуу Жеңишке болгон урматтын жана келечек муундар тарыхты унутпай, мекенди сүйүп жүрүгө сонун тарбиялык мааниге ээ болду десем жаңылышпайм»
Кийнки сөздү Капар Кыдыралиев атындагы АЧД сабагынын мугалими Жумабек Болотбеков айтты.
Жумабек Болотбеков Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебиндеги АЧД сабагынан мугалим
«Иш-чара жогорку деңгээлде өттү балдарга, класс жетекчиси Жаанат Токушевага чоң рахмат.
Бизди ушундай турмушка жеткирген аталарга таазим,урмат билдирели жана эрдигин эч качан унутпайлы»
Эскерүү кеченин катышуучулары
Мадина Тилекова, Акбермет Жеңишбекова